Өлкөдө COVID-19 жана пневмония илдеттери менен күрөшүүдө керектелүүчү жабдыктар жетишсиз экендиги буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан маалымдалган.
Жеке ишкерлер жана кайрымдуу жарандар тарабынан зарыл болгон медициналык жабдыктарды, тагыраагы кычкылтек концентраторун алуу демилгеси көтөрүлүп, катарга шоу-бизнес өкүлдөрү дагы кошулду.
Бул демилгенин башында турган жеке ишкер Адылбек Асанов видео кайрылуу жасап, анда 70 даана кычкылтек концентраторун алууга буюртма бергенин, буюрса келе жаткан аптада жабдыктар өлкөгө жеткирилерин айткан.
Бул демилгени колдогондордун бири Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков болду. Ал үй-бүлөсүнүн атынан 2 кычкылтек концентраторун алууга салым кошту.
"Мен демилгени көтөрүп чыккан жигиттерди жакшы тааныйм. Кайрымдуу иштерди жасап, адал иш менен алектенишет. Эгерде өкмөт "ушундай жабдыктарды алабыз, жардам бергиле" десе, анда салым кошпойт болчумун. Анткени ишеним аз. Демилгени баштап чыккандар алгач өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат алууну пландашкан. Тиешелүү жактар менен сүйлөшкөндөн кийин өлкөнүн медицина тармагы кычкылтек концентраторлоруна муктаж экени аныкталып, ошол жабдыкты алууга буюртма беришиптир.
Элдин кыйналып жатканын карап отура бербей, өзүбүз жардам бере албасак дагы башкалардын кайрымдуулук кылуусуна себепчи бололу. Бир эле жабдык канча адамдын өмүрүн сактап калат. Биз кымбат унаа жана башка нерселерге кызыкпай, дени сак улут болууга аракет кылышыбыз керек", - дейт ал.
Ал эми ырчы Анжелика дагы бул саамалыкка кошулуп, бир медициналык жабдык алып берерин айтты.