9-сентябрь күнү Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айылында диний экстремисттик маанайдагы китептерди таратып жүргөн жаран кармалды. Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдиргендей, милиция кызматкерлери кармалган жарандын үйүн тинтүү учурунда 3 китеп жана компакт дисктер чыкты. Азыркы учурда бул факты боюнча тергөө иши жүрүп жатат.