Бүгүн, 10-сентябрда Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин расмий иш сапар менен Кыргызстанга келди. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, Эл аралык “Манас” аэропортунда президент Алмазбек Атамбаев Си Цзиньпинди тосуп алды. Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик желектери бийик көтөрүлүп, ардактуу күзөт коюлуп, эки өлкөнүн гимндери жаңырды. Эртең, 11-сентябрда Кытай төрагасынын мамлекеттик сапары башталат. Ошондой эле Си Цзиньпин 13-сентябрда өтө турган ШКУнун саммитине катышмакчы.