Ак халатчандарга таазим! SUPER.KG порталынын эмгек жамааты медициналык кызматкерлерди майрамы менен куттуктайт

Бүгүн, 5-июль өлкөнүн медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы. SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Кыргыз Республикасынын медицина кызматкерлеринин күнү менен куттуктайт.

“Урматтуу медициналык кызматкерлер, сиздерди майрамыңыздар менен куттуктайбыз! Ак халатчан дарыгерлер - ар бирибиз үчүн үмүттүн жана боорукерликтин белгиси. Сиздер ар дайым жакшылыкка жол ачып, оору-сыркоодон сакаюуга шарт түзүп, кээде өмүрдү ажалдан арачалап каласыздар.

Ден соолук – бул чоң бакыт. Ошол бакытты көп жылдарга сактап калууга сиздер көмөкчү болуп келесиздер. Кесипке берилгендигиңиздер, эмгегиңиздер үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.

Сиздерге жана жакындарыңарга чың ден соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык каалайбыз!"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sabirdinovich
2020-07-05 22:56:06
Сүрөт сонун болуптур
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан