Орусиянын Тюмень облусунан Кыргызстанга келе жаткан “Хонда Одиссей” жана оор жүк ташуучу Вольво унаасы катышкан жол кырсыгы болуп, Хондада келе жаткан төрт кыргыз жараны каза таап, үчөө ооруканага жеткирилди. Муну орусиялык маалымат булактары жарыялады. Азыркы учурда Кыргызстандын орусиядагы элчилиги тарабынан каза болгон жарандардын аты-жөнү такталууда.