Мурдагы элчи Кылычбек Султан элдин ишенимине негизделген өкмөттү дайындоо керектигин айтып чыкты. Бул тууралуу пикирин ал бүгүн, 6-июлда "24.kg" сайтына маалымат жыйын берип жатып билдирди.
Кылычбек Султандын айтымында, Кубатбек Боронов баштаган министрлер кабинети өлкөдөгү коронавируска каршы күрөштү жеткиликтүү деңгээлде жүргүзө алган жок. Аткаминерлер бир канча айды профилактикага короткону менен жыйынтыгында адамдар илдеттен каза болуп жатканын билдирди.
"Адам өмүрүнүн баасы жок. Бийликте жетиштүү убакыт бар эле. Азыркы тапта элде бийликке карата ишеним жок болуп турат. Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп, анда элдин ишенимине негизделген өкмөттү шайлашы керек, андан ары парламент өзүн таратууга барышы керек болот. Ал эми өкмөт башчылыкка соңку президенттик шайлоодо көп добуш алган Адахан Мадумаров же Өмүрбек Бабанов келе алат.
6 аптанын ичинде абалды жөнгө салып кетсе болот. Эки аптага катаал карантин киргизүү керек. Кийин абалга жараша акырындык менен киргизилген чектөөлөрдү алууга болот", - дейт Кылычбек Султан.