ЭЛДИК ВИДЕО: "Кыргызым ыйлаба, күн тиет сага да"

Социалдык тармактарда "Кыргызым ыйлаба, күн тиет сага да" деп ырдаган Назарбек аттуу кичинекей баланын видеосу көпчүлүктүн назарын бурууда.

Видеону баланын атасы социалдык тармактагы баракчасына жүктөп, жакшы ыр азыркы оор кырдаалда жан дүйнөгө арачы болуп берерине үмүт артарын жазган.

"Ушундай оор кырдаалда кары-жашы дебей бири-бирибизге көмөк, жөлөк болуп бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, ынтымактын желегин бирге желбиретип, аты жаман ооруну бирге жеңели замандаш! Мындайда жакшы ыр да жан дүйнөгө арачы болот эмеспи. Уулум Назарбек өнөрдүн учугун улоочу, келечектеги эл шайыры болчудай. Азырынча аккардеондун коштоосунда Сыймык Бейшекеев агабыздын сөзү, обонуна таандык болгон "Кыргызым" деген ыры сиздердин көңүл борборуңуздардан орун алсын!" , - деген ал өз билдирүүсүндө.

"Кыргызым ыйлаба, күн тиет сага да" деп ырдаган кичинекей баланын видеосу көпчүлүктүн назарын бурууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Gulzina1993
2020-07-09 15:52:38
Садага болоюн кичинекей......онорун оркундосун.....
+4
Asman779
2020-07-09 18:32:35
Келечектеги Атабеков экен. Аман бол.
-1
Beksultan01
2020-07-09 19:48:28
Азаматсың. Ушул күндөр эртерээк бүтсө экен. Баары кыйналып кетти.
0
almir
2020-07-09 20:34:07
Азамат...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан