Экс-министр Равшан Сабировдун жардамчысы мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотулду

Мурдагы социалдык өнүктүрүү министринин жардамчысы Тахир Мирзахмедов мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотулгандыгын бүгүн, 11-сентябрда маалымат жыйында Сабировдун жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирди. Айтымында, Мирзахмедов жаза өтөө мөөнөтү УКМКнын СИЗОсунда отурганда аяктаган. “Равшан Сабиров болсо №47-колонияда жаза мөөнөтүн өтөп жатат”,- деди жактоочу. Эске сала кетсек, 2012-жылы экс-министр менен анын жардамчысы чет өлкөлүк бала багып алуучу уюмдан пара алган деген шек менен айыпталып, Мирзахмедов 3 жылга, ал эми Сабиров 5 жылга эркинен ажыратылган эле.

 

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aviator
2013-09-12 10:53:59
кыйратыпсынар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан