АФК Кубогу-2020: Бишкектик "Дордой" футболдук клубунун катышуусундагы оюндар качан өтөрү белгилүү болду

АФК (Азия футбол конфедерациясы) Кубогунун тайпалык баскычындагы бишкектик "Дордой" футболдук клубу менен болгон оюндар качан өтөрү белгилүү болду. Ага ылайык, "Дордой" клубу биринчи оюнун 20-октябрда түркмөнстандык "Алтын Асыр" клубуна каршы ойнойт. Бул тууралуу АФКнын сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, коронавирус инфекциясына байланыштуу "Дордой" клубу катышкан "D" тайпасындагы бардык оюндар бир мамлекетте өтөт. Азырынча кайсы мамлекетте өтөрү белгисиз.

АФК Кубогунун "D" тайпасындагы оюндардын тизмеси:

1-турдук оюндар, 11-мартта:

"Истиклол" (Тажикстан) - "Худжанд" (Тажикстан) 2:0 эсебинде аяктаган.

20-октябрда:

"Дордой" (Кыргыз өлкөсү) - "Алтын Асыр" (Түркмөнстан).

2-турдук оюндар, 23-октябрда:

"Худжанд" - "Дордой";

"Алтын Асыр" - "Истиклол".

3-турдук оюндар, 26-октябрда:

"Худжанд" - "Алтын Асыр";

"Истиклол" - "Дордой".

4-турдук оюндар, 29-октябрда:

"Алтын Асыр" - "Худжанд";

"Дордой" - "Истиклол".

5-турдук оюндар, 1-ноябрда:

"Худжанд" - "Истиклол";

"Алтын Асыр" - "Дордой".

6-турдук оюндар, 4-ноябрда:

"Истиклол" - "Алтын Асыр";

"Дордой" - "Худжанд".

Буга чейин SUPER.KG порталына "Дордой" клубунун басма сөз кызматкери Тенгелбес Мусаев тайпалык баскычтагы бардык оюндар Бишкек шаарында өтүп калышы мүмкүн экендигин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан