Өткөн аптада экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ден соолугунун абалы начарлап, ага дарыгерлер эки тараптуу пневмония диагнозун койгону маалымдалган. Буга байланыштуу дарыгерлер Атамбаевди стационардык дарылануу үчүн ооруканага жаткыруу чечимин кабыл алышканын УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришкен.
Анда акыркы апта ичинде Атамбаев бир канча жолу жактоочулары жана туугандары менен жолукканы айтылып, жактоочу Замир Жоошевден вирустук инфекциянын белгилери аныкталганы жана анын жакын тууганы учурда Ысык-Ата районунун аймактык ооруканасында жатканы кошумчаланган.
Ал кезде жактоочунун өзүнөн комментарий алууга мүмкүн болбогондуктан, бул боюнча КСДПнын мүчөсү Кундуз Жолдубаева маалымат берип, Замир Жоошевдин тапшырган анализдеринин жыйынтыгы чыга электигин айтып, УКМКнын билдирүүсүн жоопкерчиликти башка адамга оодарып салуу аракети катары сыпаттаган.
Бул аралыкта маалымат айдыңынан көрүнбөй калган жактоочу Замир Жоошев бүгүн, 9-июлда SUPER.KG порталына байланышка чыгып, жалпы абалы, ден соолугу жакшы экенин билдирди. Ага улай өткөн аптадагы УКМКнын тараткан билдирүүсүнө карата оюн айтты.
"Азыркы күндө жакшымын. УКМКнын берген маалыматы акылга сыйбаган маалымат. Өзүн-өзү актоонун аракети деп бааладым. Мен Алмазбек Атамбаев менен терезе аркылуу, бет кап кийип келип сүйлөшкөм. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча өкүм чыккандын эртеси күнү бир жолу барып жолуккам. Терезе аркылуу оору кантип жукмак эле. Ошол жерде илдетке кабылып калган кызматкерлерден жугушу мүмкүн", - деди Жоошев.