Бишкектеги студенттер поликлиникасына жаңы медициналык жабдуулар тапшырылды

Бүгүн, 11-сентябрда  “Бишкек шаарынын студенттерин медициналык жактан тейлөөнү жакшыртуу долбоорунун” алкагында баш калаанын студенттер поликлиникасына жаңы медициналык жабдуулары тапшырылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын Саламаттык сактоо департаментинен билдиришти. Иш-чарага Бишкек мэриясынын Саламаттык сактоо департаментинин директору, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Такаюки Коикэ, ЖОЖдордун ректорлору жана шаардык медицина мекемелеринин жетекчилери катышты. Жалпы суммасы 4 миллион сомдон ашкан медициналык жабдуулар Япония өкмөтүнүн гранттык программасынын алкагында берилди.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан