Депутат Туратбек Мадылбеков бүгүн, 11-сентябрда ЖКнын жыйынында Чүй облусунда акыркы жылдары жаңы мектеп курулбагандыгын билдирди. Айтымында, облустун айрым райондорунда окуучулар авариялык абалдагы мектептерде билим алышууда. “Мен силерге чатырынан суу агып, дубалдары жарака кеткен мектептерди көрсөтө алам. Мектептерди аз окуучу бар аймактарга эмес, керектүү жерлерге куруу зарыл”,- деди эл өкүлү. Ошондой эле ал кесиптештерин өзүнүн эле аймагына мектеп курдуруу үчүн мамлекеттик бюджеттен акча талап кылбоосун суранды.