Муфтий Максатбек Токтомушев пневмониядан каза болгон Чубак Жалиловду эскерип, билдирүү таратты.
"Бүгүн биз чоң жоготууга учуруп отурабыз. Кечээ, 10-июлда Бишкек шаарынын казысы Садридин Мажитовдон айрылсак, бүгүн үлкөн аалымыбыз Чубак Жалиловдон айрылдык. Оор кабарды угуп, кабыргам кайышты. Бүгүн дүйнөдөгү мусулман эли үчүн дагы оор жоготуу. Чубак Жалилов бала кезинен билимге болгон тырышчаактыгы менен деңиздей терең илимге ээ болгон. Ислам динибизди коомчулукка жеткирүүдө эбегейсиз салым кошту. Канчалаган мыкты адистерди даярдап, өзүнүн алган билими, тажрыйбасы менен бөлүштү.
Маркум Чубак ажыбыз коомубуздун өсүп-өнүгүүсүнө зор салым кошкон өз элинин азаматы эле. Ал аз өмүрүндө элибиздин руханий жактан оңолуусуна өз өмүрүн арнады. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жана жеке өзүмдүн атымдан терең кайгыруу менен ажыкемдин үй-бүлөсүнө, бир туугандарына, жакындарына көңүл айтам. Сабыр кылыңыздар, кайрат кылыңыздар анткени бул жалган дүйнөдө эч бир жан тирүү калбайт. Кайгыңарды тең бөлүшөбүз", - деп жазылган билдирүүдө.