Ажылык сапарга байланышкан муфтияттын банктык эсеби ачылды
Ажылык сапарга байланышкан муфтияттын банктык эсеби ачылганын
бүгүн, 11-сентябрда муфтияттын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык,
мындай чечимди Биринчи Май райондук соту чыгарган. Ал эми учурда даярдыктар
кызуу жүрүп жаткандыгы жана 17-сентябрда алгачкы топ учары белгилүү болду. Эске
сала кетсек, УКМК салыктар өз убагында төлөнбөгөндүгү үчүн муфтияттын банктык эсеби жаап салган болчу. Буга байланыштуу 2-сентябрда
зыяратчылар учуп кете албай калышкан эле. Быйыл Кыргызстан үчүн 3600 квота
берилгени белгилүү.