Бир сутка ичинде өлкө боюнча 127 медицина кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Маалыматты республикалык штабдан таратышты.
• Бишкек шаарында – 51;
• Чүй облусунда – 44;
• Ош шаарында – 12;
• Ош облусунда – 4;
• Баткен облусунда – 7;
• Ысык-Көл облусунда – 5;
• Талас облусунда – 3;
• Жалал-Абад облусунда – 1.
Ал эми стационарлардан сутка ичинде 6 медкызматкер айыгып чыгарылды.
Республика боюнча COVID-19 илдетин 1 миң 656 медкызматкер жуктуруп алса, алардын ичинен 552си ооруну жеңип, үйлөрүнө чыгарылган.