Бүгүн, 11-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы Корголдоев көчөсүндөгү жеке турак жайлардын биринде газ баллон жарылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет. Окуя болгон жерге келген өрт өчүрүү кызматкерлери өрттү жайылтпай, өчүрүп калууга жетишкен. Маалыматтарга ылайык, кырсыктан жаракат алгандар болгон жок.