«Газпром Кыргызстан» компаниясы Бишкек шаарынын мэриясына медициналык мекемелерге таратуу үчүн 30 кислороддук концентраторлорду өткөрүп берди.
Компаниядан белгилешкендей, жакынкы аралыкта республиканын медициналык мекемелерине таратуу үчүн 40 кислороддук концентраторлорду сатып алууну пландап жатат. Жалпы сатып ала турган концентраторлордун саны 70 даана.
Буга чейин компаниянын өкүлдөрү медицина кызматкерлерине 100 комплект коргоочу костюмдарды жана жеке коргонуучу каражаттарды беришкен.
«Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы абоненттерди компаниянын калкты тейлөө борборлоруна барууну азайтууну, газ эсептегичтин көрсөткүчүн жөнөтүү жана төлөмдөрдү өткөрүү үчүн аралыктан колдонуу кызматтары – «Gazprom.kg» мобилдик тиркемеси, электрондук капчыктар жана төлөм кызматтары менен колдонууну өтүнөт. Эгерде компаниянын кеңселерине барууга туура келген учурда социалдык аралыкты сактоону, бет кап тагынууну жана кол кап кийүүнү суранат.
Сурап-билүү кызматынын телефону: 4444 (мобилдик телефондон чалуу акысыз).