"Түндөн чыкпай калбаймынбы деп кайрылышат. Көбү эркек кишилер". Стресске кабылбоо үчүн эмне кылуу керек? Психотерапевт кеңеш берет

Акыркы кездеги өлкө ичиндеги болуп жаткан окуялар жалпы элге таасирин берди. Адамдар бир гана физикалык жактан эмес, моралдык-психологиялык жактан дагы чарчаганы билинип турат. Пандемия шартындагы суук кабарлар, дары-дармектин жетишсиздиги, ооруканалардагы кейиштүү абал жалпы журттун маанайын түшүрүп, анын ичинде ар бир адамдын психологиялык абалынын туруксуз болушуна шарт түзүп жатат.

Мындан улам Саламаттыкты сактоо министрлиги жана демөөрчүлөр тарабынан уюшулган психологиялык жактан жардам көрсөтүү ыкчам байланыш борборуна байланыштык. Биздин суроолорубузга Ош шаарындагы №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу борборунун психотерапевти Нурзат Копошова жооп берди.

- Нурзат Таалаевна, саламатсызбы? Учурда адамдардын көбү моралдык-психологиялык жактан чарчашканын айтып жатышат, мындай учурда иммунитет түшүп кетеби?

Ооба, адам стресске кабылган учурда же психикалык жактан чарчаганда борбордук нерв системи дагы буга реакция кылат. Медициналык тил менен айтканда, бул учурда борбордук нерв системиндеги адамдын ички секреция бездерине сигнал жиберилип, ал бездерден тиешелүү гормондор бөлүнүп чыгат. Бөлүнгөн гормондор иммунитетке жооптуу клетка жана ткандарда терс процесс жүргүзөт. Андыктан жарандар бул нерсеге олуттуу карашы керек. Азыркы кырдаал тууралуу айтсак, эркек кишилер айымдарга караганда көбүрөөк стресске кабылууда. Анын себебинен ооруга туруктуулугу аз болуп жатат. Дүйнөдөгү окумуштуулар деле эмне себептен оор жагдайларда аялдар психологиялык жактан бекем болору тууралуу так аныктама чыгарыша элек. Балким, аялдарда энелик сезим күчтүрөөк болуп, тезирек айыгууга шыктануу болуп жаткандыр. Айтор биздин борборго чалгандардын көбү эркек кишилер.

- Адам дүрбөлөңгө түшкөндө же өзүн моралдык жактан таштап койгондо оорунун өрчүшүнө түрткү болобу?

Кандай жагдай болбосун адам дүрбөлөңгө түшүп, чуу салбоого аракет кылышы керек. Мындай учурда ой жүгүртүү начарлап, адам моралдык жактан чөгүп кетет. Көбүнүн тамакка болгон табити жоголот. Ошон үчүн тамактануусуна жана өзүнүн жүрүм-турумуна көңүл бурбай калат. Булардын баары организмдин ооруга каршы күрөшүү күчүн жоготот. Албетте, мындай шартта оорунун күчөп кетишине шарт түзүлөт. Андыктан адам биринчи кезекте өзүн моралдык жактан колго алышы керек.

- Коронавирус же пневмонияга кабылган адам стресске түшүп калбоо үчүн эмнелерди жасашы керек?

Оорунун жеңил түрүнө кабылган бейтаптар үчүн төмөндөгүлөрдү сунуштайт элем.

Биринчиден, тынчтануу керек. Мындай абалда адамдын иммунитети күчтүү болот. Сыналгыдан жана интернеттен маалыматтарды улам окуй бергендер психологиялык абалын начарлатып алышат. Албетте, такыр эле өлкөдөгү кабарлардан артта калууга болбойт. Бир күндө 1-2 жолу жаңылыктар менен таанышып коюу жетиштүү. Гезит, сайт, мессенжерлердеги терс жаңылыктардан обочолонууга аракет жасоо керек. Бул нерсени элементардуу психологиялык гигиена деп коёт.

Экинчиден, эс алуу жана уктоо мезгилдеринин режимин сактоо. Буга өз убагында уктап, иш жасап жана өз убагында эс алуу, туура тамактануу кирет.

Үчүнчүдөн, жакын адамдар менен байланышта болуу, жакшы сөздөрдү сүйлөшүү. Мындан тышкары витамин терапия - А, Е, С, цинк витаминдерин алып жана жашылча-жемиштерди рационго кошуу керек. Эгер ичиндеги ой-толгоолорун жакын адамдарына айтуудан тартынса, бизге байланышса болот. Учурда борбордогу психологдор аралыктан, акысыз кеңештерин берип жатышат. Биздин номурларды 118 кызматына чалып алса болот. Биз кайрылгандарга стресстен арылтуучу дем алуу көнүгүүлөрүн үйрөтөбүз. Бул көнүгүүлөр адамды алаксытат, тынчтандырат, коркуу сезиминен арылтат. Андан тышкары өпкөгө жана булчуңдарга пайдалуу болот.

Бирок оорунун белгилери пайда болгондон кийин адамдын абалы оорлошуп бара жатса, сөзсүз түрдө дарыгерге кайрылгыла. Ал эми жакын адамдары ооруп жаткан адамдын эмоционалдык абалын жакшыртууга өбөлгө түзүшү керек.

- Сиздерге учурда көп жарандар чалып жатса керек. Алар көбүнчө кандай маселе менен кайрылышат?

Учурда жарандар коронавирус жана пневмониянын белгилерин билип калышты. Анткени маалымат көп болуп жатат да. Мүмкүнчүлүгү барлар тест тапшырып, рентгенге түшүп, аларда коронавирус же пневмония бар экенин билишкенде, бизге моралдык жардам сурап кайрылгандар көп болду. Мындан тышкары оорунун белгилерин байкап бирок, дарыгерден кеңеш алууга шарты болбой жүргөндөр кайрылат. Консультацияны көбүнчө балдары бар, кезекке турууга убактысы жок же өз кезеги келгенде маалымат алууга жетишпей калгандар албай калат. Алар түндөн чыкпай калбаймынбы, деп кыжаалат болуп чалышат. Мындай учурда медициналык билими бар кызматкер катары белгилерин сурап, симптомдорун жоготууга багытталган дарыларды сунуштайбыз же обсервациялардын дарегин беребиз. Кээ бирлери диагнозун билбей туруп эле дүрбөлөңгө түшүп, коркуу сезими пайда болуп жаткандыктан кайрылышат. Же болбосо оорунун белгилери жок туруп деле "текшерүүдөн өтүп коёюнбу, алдын алуу үчүн эмне дарыларды ичсем болот?" дегендер чалышат. Кыскасы ооруга кабылгандар, дары-дармек таппай калгандар, дарыгерге, рентгенге жетпей калгандар кайрылышат. Азыр баары үчүн оор мезгил болуп турат. Андыктан жарандарга бир гана моралдык-психологиялык гана жардам көрсөтпөстөн, медициналык жактан кеңеш берип, маалымат жагынан да көмөк көрсөтүүгө аракет кылуудабыз. Негизи биздин калк психологдорго көп кайрылчу эмес, бирок акыркы кездеги кырдаалга байланыштуу чалгандар көбөйдү.

- Учурда көп эле адамдар үйдөн дарыланып жатышат, аларга кам көрүп жанында сөзсүз бирөө болот. Алар моралдык жактан чарчабашы үчүн эмнелерди жасоо керек?

Каралашып жаткан адамга да сөзсүз түрдө тыныгуу керек. Алсак, дем алуу гимнастикаларын жасап, сейилдөөгө чыгып турушу шарт. Сейилдөө бир сааттан кем болбошу керек. Анан албетте сейилдөөгө чыкканда азыркы талап кылынган нормаларды сактоону унутпоо керек. Бет кап тагынгыла, адамдардан аралыкты сактагыла. Мындан тышкары жеңил физикалык көнүгүүлөрдү жасап турса болот. Жогоруда айткандай интернетте көп отурбоого чакырат элем. Ал жерде негатив абдан көп. Жашы улгайып калгандар көп өлчөмдөгү витаминдерди ичүүсү зарыл.

- Ооруп жаткан адамдардын моралдык-психологиялык абалын кантип жакшыртыш керек?

Биринчиден алар менен баарлашуу керек. Ойлорун, сезимдерин ичке катпай, бирөө менен бөлүшүп турганы жакшы. Колдон келсе физикалык активдүүлүктү токтотпой, сейилдеп турса пайдалуу. Азыр жаштар деле көп ооруп жатышат алар өздөрүнө жаккан музыканы угуп, позитивдүү кинолорду көрүп турса болот. Жалпы эле ооруга кабылгандарга айтарым, илдетти жеңүүнүн маанилүү факторлорунун бири туура тамактануу. Алар тууралуу жогоруда айтып өттүм. Ал эми психологиялык жактан караганда кофе, демделген кызыл чай, спирт ичимдиктери, курамында консерванттар, химиялык аралашмалар бар тамактар адамдын маанайын түшүрүүгө түрткү болот. Ооруп жаткан адамдын уктоо режимин көзөмөлдөө керек. Ал жаткан бөлмө таза, жагымдуу, жана салкын болушу шарт. Аромотерапияны дагы колдонсо болот. Жалпысынан мындай учурда адамдын жаман ойлорго убактысы болбоосу керек. Дем алуу гимнастикаларын жасоо жакшы алаксытат, тычнтандырат. Жаңы китептерди алып, окууну сунуштайм.

Белгилей кетүүчү нерсе, азыр көп адамдарда "мен мындай кылганда оору жукпай калмак, муну жасаганда оорумак эмесмин" деген өзүн күнөөлүү кылган сезим пайда болду. Аларга айтарым болуп жаткан нерсени кабыл алыш керек. Андан көрө күнүгө "мен айыгам" деп өзүнө дем берип, күчүн дарыгер жазып берген талаптарды аткарууга жумшасын.

- Дегеле стресс менен депрессиянын айырмасы эмнеде?

Стресс деген бул организмдин реакциясы. Стресс болгондо адам сабырсыз болуп, маанайы түшөт. Ачуусу чукул болуп калат. Организм бул убакта көп энергия жумшайт. Алсыздануу пайда болот. Кээ бир адамдар тамакты ылгабай жеп башташат, же тескерисинче ага табити жоголот. Стресстин биринчи белгилери адамдын маанайынын түшүшү, мурда жасап жүргөн ишине көүңүлүнүн келбей калышы, адам өзүн карабай калат, бат чарчап, өзүнө болгон ишеними жоголот. Стресс өз кезегинде депрессияга алып келет, ал эми депрессия оору катары кабылданат.

- Акырында элге эмне деп кайрылат элеңиз?

Азыр оор мезгил, бирок дүрбөлөңгө түшпөгүлө, чуу салбагыла. Психологиялык гигиенаны кармангыла. Бардык нерседен сак болуп, колду бат-баттан жууп, сыртка чыкканда аралыкты сактап, бет кап кийгиле. Зыяндуу адаттардан баш тарткыла. Дем алуу гимнастикалырын жасагыла. Бул гимнастикалар адамга энергия берип, алсыроону басат, уйкуну жөнгө салат, ар кандай жаман ойлордон арылтат. Азыр мен алардын эң эле жөнөкөйүн айтып берейин. Ал үчүн:

  • Терең дем алабыз;
  • Башты бир аз артка тыштап, колду өйдө көтөрөбүз;
  • Кайра демди жай чыгаруу менен колду дагы түшүрөбүз;
  • Бул көнүгүүнү 2-5 мүнөт жасайбыз. 10 мүнөт эс алып кайра кайталаса болот;
  • Жатып алып жасаса болот. Абалга жараша 8-10 жолу кайталаса болот. Бирок баш айланып, кыйналып баратса токтотуу керек;

Эскерте кетүү нерсе! Бул көнүгүүлөрдү кош бойлуу аялдарга, өнөкөт оорусу барларга жана дене табы жогору болуп жаткандарга жасоого болбойт.

Ал эми психотерапиялык башка оор көнүгүүлөрдү дарегердин көзөмөлүндө гана жасоо сунушталат. Анткени ал учурда ар бир көнүгүү бейтаптын абалына жараша индивидуалдуу түрдө тандалат. Биз азыркы жүрүп жаткан пандемия шартында адамдарга психологиялык жардам көрсөтүү боюнча атайын даярдыктан өттүк. Андыктан бизге кайрылыңыздар, колдон келген жардамыбызды аябайбыз!

-Нурзат Таалаевна, кызыктуу маегиңиз жана пайдалуу кеңештериңиз үчүн сизге терең ыраазычылык билдиребиз. Ишиңиздерге ийгилик!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан