АКШдагы эгиз мунара кыйрап, миңдеген адам өлгөн ири терактка 12 жыл толду

Бүгүн, 11-сентябрда АКШда 2001-жылкы терактта каза тапкандарды эскерүү иш-чаралары болууда. Борбордук көчөлөргө теракт боюнча чыгарылган расмий жыйынтыкка макул болбогон жарандар нааразычылык акцияларын өткөрүүдө. Ал эми “Инженерлер жана архитекторлор чындык үчүн” уюму 2001-жылкы бул каргашалуу окуяны кайрадан изилдеп чыгууну талап кылууда. Аталган уюм эгиз соода түйүнүнөн сырткары 47 кабаттан турган дагы бир имараттын оңой менен куламак эместигин, бул алдын ала даярдалган иш экенин билдирүүдө. Ал эми Манхэттенден 50 чакырым алыстыктан да көрүнө турган нур чачкан эки жарык таң атканча күйүп турат. Бул жарык ошол кулаган эгиз имараттарды эскерүү үчүн жыл сайын 11-сентябрда күйгүзүлөт. Эске салсак, 2001-жылдын 11-сентябрь күнү Америкада Дүйнөлүк соода борборунун эгиз имаратын террорчу башкарган учак сүзүп жарылган. Окуядан 2753 киши каза тапкан.    

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
admin_superstan
2013-09-12 11:00:39
chinko, Maks_83, Саламатсыздарбы!
Каталар оңдолду. Рахмат!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан