Бишкектеги студенттер поликлиникасына жаңы медициналык жабдуулар берилди
Медициналык жабдууларды тапшыруу учуру
Студенттердин ден соолугуна кам көрүүгө колдонулчу жаңы жабдуулар
Студенттердин ден соолугуна кам көрүүгө колдонулчу жаңы жабдуулар
Студенттердин ден соолугуна кам көрүүгө колдонулчу жаңы жабдуулар
11-сентябрда Бишкектеги студенттер поликлиникасына жаңы медициналык жабдууларды берилди. Бул “Бишкек шаарынын студенттерин медициналык жактан тейлөөнү жакшыртуу долбоорунун” алкагында ишке ашканын мэриядан билдиришти. Иш-чарага мэриянын Саламаттыкты сактоо департаментинин директору А.Мурзалиев, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү А.Жураев, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Такаюки Коикэ, ЖОЖдун ректорлору жана шаардык медицина мекемелеринин жетекчилери катышты. Мурзалиев: “Жаштар биздин келечек, алардын ден-соолугун сактоо маанилүү. Бүгүнкү иш-чара бул багыттагы мындан аркы иштерибизге жакшы өбөлгө түзөт. Япония өкмөтүнө терең ыраазычылык билдирем”,- деди. Жалпы суммасы 4 миллион 2850 сомду түзгөн медициналык жабдуулар Япония өкмөтүнүн гранттык программасынын алкагында берилгени айтылды.