Баткенде аткезчилик жол менен алынып келе жаткан эт жана кондитердик азыктар колго түштү
УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы 4-сентябрда Баткенде аткезчилик жол менен алынып келе жаткан эт жана кондитердик азыктарды колго түшүрдү. Колго түшкөн товардын суммасы 450 миң сомду түзөрүн УКМКнын маалымат кызматы кабарлады. 7-сентябрда аталган мекеменин тергөө тобу факты боюнча кылмыш ишин козгоп, учурда тергөө жүрүп жатыптыр.