Бүгүн, 12-сентябрда ЖКнын жыйынында депутат Дастан Жумабеков Бишкектеги көчөлөрдүн бирине Райкан Шүкүрбековдун ысымын ыйгарууну Талас облусунун эли суранып жаткандыгын билдирди. Айтымында, акын, драматург Райкан Шүкүрбековдун Талас облусундагы Ак-Чий айылында 100 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча өкмөттүн токтому чыккан. “Каржы жагын чечип берсеңиздер жакшы болмок. Ошондой эле ошол кишинин мааракесин өткөрүүгө өкмөт жакшы жардам берип койсо”,- деп өкмөттүн өкүлүнө кайрылды эл өкүлү.