Бишкектеги обсервациялардын биринде иштеп жатып каза болгон Адинай Мурзабекованын сөөгү жерге берилди

Бүгүн, 15-июлда Бишкектеги обсервациялардын биринде медайым катары иштеп жатып каза болгон студент Адинай Мурзабекованын сөөгү Ысык-Ата районундагы айылда жерге берилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Cын-Таш айыл өкмөт башчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, сөөктү жерге берүү зыйнаты саат 10:00дө өткөн.

Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 5-курсунун студенти 13-июль күнү каза болгонун маалымдаган. Ошондой эле мекемеден маркумдун өлүмүнүн себеби эки тараптуу пневмония болгон деген алдын ала маалымат беришкен. Президент Сооронбай Жээнбеков Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 5-курсунун студенти Адинай Мурзабекованын дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
aza84
2020-07-15 16:14:32
Сороновирус ушул жаш кыздан көрө сен кетсен болмок
-5
sarbo
2020-07-15 16:54:28
aza84, Бироонун олумун тилегенден коро озундун омурунду тиле
+12
sale-81
2020-07-15 22:06:13
Ушундайды угуп журок ооруйт, жаткан жери жайлуу болсун, ушундай жаш патриоттор бар экенине суйуном,жашоонун даамын татпай кеткенине окунучтуу, Аллахым оз жанына периште кылып алсын,
+4
sirenaaaaa
2020-07-16 11:13:41
Ата энесин куйутко салып кетти байкушум. Аллах куноолорун кечирип, бейиштен орун берсин
+2
TAN889117
2020-07-16 14:07:50
Жаткан жери жайлуу,кабыры нурлуу болсун.Уйбулосуно сабыр берсин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан