Бишкекте кытайлык делегациянын кортежи келе жаткан учурда БМВнын айдоочусу МАИчини тоготпой көчөгө чыгууга аракет кылып, аны сүздү

Бишкекте 11-сентябрь күнү кытай делегациясынын кортежи келе жаткан учурда бир айдоочу МАИчини тоготпой БМВ X5 (В7227А) унаасы менен көчөгө чыгууга аракет кылды. Окуя Тынчтык проспекти менен Иманалиев көчөлөрүнүн кесилишинде болду. Айдоочу Аскарбек Байтереков жол кайгуул кызматкерине моюн сунбай аны сүзүп, МАИчинин капотко жыгылганыга карабай унааны 30 метрдей жерге чейин айдап барыптыр. Бул учурда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциядан чыккан кортеж аталган аймактан өтүп кеткен эле. Окуя учурунда жаракат алган жол кайгуул кызматкери Н.Абдрахманов ооруканага жеткирилди. Ал эми тартип бузган айдоочу эч кандай айыл өкмөтү эмес экенин Бишкек ШИИББи билдирди. Ал жаран ошол күнү эле коё берилгенин, учурда тергөө жүрүп жатканын айтышты ШИИББиден. Айта кетсек, кечээ Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
jora.kg
2013-09-12 11:05:51
Эмне мынча МАИчилерди тоотпой шылдын кыласынар! Жестко Наказывать надо таких баранов
+3
sumerki
2013-09-12 11:06:52
эркек экенсин
-1
ilgez
2013-09-12 12:25:38
sumerki, мал экен, Кыргызстанга соз тийгизип.
0
meder-17kg
2013-09-12 11:09:22
emne mawynasy kymbatt bolso ele boldubu,ozum bilem otugum torgo iliem degenibi?
0
kykenbai
2013-09-12 11:22:23
Эффект "Мелис Байке" же кыргызчасы "Мелис Байкенин таасири".
+2
gooool
2013-09-12 11:28:13
Келген конокторго уят болбой тартипти сакташ керек да,гаи болсо озунун ишин кылып жатат,сыйлагыла аларды да.
+1
Talastan
2013-09-12 11:50:01
Коп болсо 1000 сом штраф толойт экен го.
0
Arti
2013-09-12 13:00:46
Talastan, Коп болсо 1000 сом штраф толойт экен эмес. Ошол адамдын экестиги. Мал болуп баратышат. Уят эле кылып бутушту .
+1
admin_superstan
2013-09-12 12:17:58
aibek92, жаргон жана коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү камтыган билдирүүлөргө тыюу салынган.
Билдирүүңүз өчүрүлдү.
Сизге эскертүү!
-1
aibek92
2013-09-12 12:21:46
admin_superstan, кечиресиздер
0
sher89
2013-09-12 12:51:56
МАИ кызматкерлеринин алсыздыгынан да
0
Shai
2013-09-12 15:53:56
Штраф эмес соттош керек. Буларды же машинасын мамлекеттин эсебине алып коюш керек ошондой эсине кирет. Машинасы учун аларга машина керек башка адамдын жаны керек эмес.
0
Talastan
2013-09-12 16:39:45
1000 сом штраф толойт деп айттым эле го,x5 ти жонокой адам айдабайт да Мелистей байкеси бар го.
0
aibek92
2013-09-12 16:58:21
Мелис байкенер ким?
0
ulukbek_a
2013-09-12 18:59:21
бул Кочкордун экс акими Байтерековдун баласы эмеспи????
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан