Саясатчы Садыр Жапаровдун жубайы коронавирус жана пневмониядан жабыркагандарга көмөк көрсөтүү максатында акция уюштурду

Саясатчы Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Асанбаева коронавирус инфекциясы жана пневмония менен жабыркап жаткандарга көмөк көрсөтүү максатында акция уюштурду. Ал акцияга 30 миң сом которгонун айтып, кайдыгер эмес жарандарды акцияга катышууга чакырды. Бул тууралуу Айгүл айым социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырган.

"Менин апам 79 жашында бул дүйнө менен кош айтышты. Көңүл айтып, дуба кылган досторума, эл-журтума терең ыраазычылык билдирем. Апам коронавирус инфекциясынан эмес жүрөк оорусунан каза болду.
Райондук ооруканага "Тез жардам" менен жеткирип барып, биринчи жардам кызматын ала алган жокпуз. Дарыгерлердин күнөөсүнөн эмес, медициналык аппараттардын жетишсиздигинен. Керектүү аппараттары, дары-дармектери жок. Жандандыруу бөлүмүнө тез жаткыруунун ордуна бир саат кагаз жазып олтурмай... Мына ушул сыяктуу кабыл алуу системдин туура эмес иштегендигинен канчалаган жарандарыбыздан айрылып жатабыз.

Өлкөбүздү кара тумандай каптаган коронавирус оорусу ар бир үйдүн төрүнөн орун алып жатат. Көпчүлүк үй-бүлө жумушсуз, каражаты жок ачка олтурганы аз келгенсип, дары-дармектердин кымбаттап кетиши да катуу сокку болду.

Ысык-Көлдө ар бир үй-бүлөдө коронавирус менен ооругандар бар экенин өз көзүм менен көрүп келдим. Ооруканаларда орун жок, орун болсо дары-дармектер, медициналык жабдыктар жок экен. Эл кыйналып турат. Ушундан улам көлдүк чыгаан атуулдар арасында "Облуска жардам" акциясын уюштурууну чечтим. Өзүм 30 миң сом салдым. Чет өлкөлөрдө жүргөн жердештерибизге да кайрылам. Ар кимиңер өз мүмкүнчүлүгүңөргө жараша жардам бергиле. Чогулган акча каражаттарын облустук оорукананын жамааты менен кеңешип, кайсы райондорго эмне керек болсо ошол жабдыктарды, дары-дармектерди алып берели.

Мен өз көзүм менен көргөм, кайсы айылда чыгаан атуулдар көп болсо, ал айылды дары-дармек, жабдыктар менен толтуруп салышкан дагы, активисттери жок айылдарда дары-дармектер таптакыр жок экен. Ошон үчүн облустук оорукананын жетекчилиги менен кеңешип, иш алып барышыбыз керек экенин билдим. Алар кайсы райондорго эмнелер жетпишпей жатканын жакшы билишет эмеспи.

Менин апам жашаарын жашап өттү.
80 жаш жакшы жаш. Эми мамлекеттин көзүн карап олтура бербей, колунда барлар жаштарыбызды, Адинай Мырзабековадай (ред.: Бишкектеги обсервациялардын биринде ыктыярчы болуп иштеген студент) болгон дарыгерлерди сактап калууга жардам көрсөтөлү", - деп жазган ал.

Асанбаева Гульнура Жапаровна (паспорту боюнча)
+996 704 233-621 Элсом
+996 707 630-200 WhatsApp

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан