ФИФА уюму өзүнүн расмий сайтында 2022-жылы Катарда өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугундагы беттештердин күндөрүн бекитти.
Ага ылайык, Дүйнө чемпиондугунун ачылыш аземи жана алгачкы оюн 2022-жылдын 21-ноябрында Эль-Гаур шаарындагы 60 миң көрүүчү баткан "Аль-Бейт" стадионунда өтөт. Биринчи оюнду Катар курама командасы өткөрөт (азырынча кайсы курама команда менен өткөрөрү белгисиз).
Тайпалык баскычтагы оюндар 2-декабрга чейин созулуп, эртеси эле 1/8 финалдык баскычтагы оюндар башталат. Анын акыркы оюну 6-декабрда өтөт. Чейрек финал 9-10-декабрда, ал эми жарым финалдык оюндар 13-14-декабрда өтөт.
Дүйнө чемпиондугунун финалы 18-декабрда Лусаил шаарындагы 80 миң көрүүчү бата турган "Лусаил Айконик" стадионунда өтөт. Ал эми үчүнчү орун үчүн беттеш бир күн мурун Доха шаарындагы 45 миң көрүүчү бата турган "Халифа" аренасында өтөт.
Учурдагы Дүйнө чемпиону Франция курама командасы.