Таластагы шарты жок делинген ооруканадан пневмонияга кабылып, дарыланып чыккан Алиясбек Алымкулов оорукана боюнча үн катты

Буга чейин SUPER.KG порталына атын атагысы келбеген окурман Талас облусунун Бакай-Ата районундагы аймактык оорукананын хирургия бөлүмүндө иштеген дарыгерлерге шарттар каралбаганын, медкызматкерлер жуунуучу жери жок контейнерде жатышат деп кайрылган эле.

Өз кезегинде Талас облусунун башчысы Марат Мураталиев оорукана жакшы эле абалда иштеп жатышканын, дарыгерлер киши көп болгондуктан, бир эле күн контейнерде кийимдерин алмаштырганын айткан.

Мындан улам SUPER.KG порталы пневмонияга кабылып, аталган ооруканада жатып, айыгып чыккан Кыргыз Республикасынын баатыры Алиясбек Алымкуловго байланышып, төмөндөгүдөй жооп алды.

"Мен Бакай-Ата районунун борбордук ооруканасынан терапия бөлүмүндө жакшы, таза дарыланып чыктым. Учурдан пайдаланып, ошол ооруканада иштеген дарыгерлерге, медайымдарга терең урматым менен ыраазычылык айтам. Оорукананын шарттары жакшы, таза. Адис катары ар бир дарыгер жана медайым өз жумушун так жана жакшы билишет. Кайрылган жарандардын ар бирин кабыл алып, оорусуна жараша жогорку адистик жардамдар берилип жатты. Ар бир дарыгерге, ар бир медайымга, ошол жерде иштеген кызматкерлерге, жетекчилерине бекем ден соолук, иштерине ийгилик, үй-бүлөлүк бакыт каалап, терең ыраазычылык билдирем.

Эми мындай да, ооруканага эс алууга эмес, дарыланганы барабыз да. Анан бизде өкүнүчтүүсү ооруканага кам көрүү, ал жерге шарт түзүү унутулуп калган. Кудайдын жардамы менен Бакай-Ата районунун борбордук ооруканасынын бөлүмдөрүнө 1-2 жыл мурун шарттарды түзүп берип, колумдан келишинче жардам берген элем. Эгерде ар бир колунан келген азамат ушундай шарттарды түзүүгө аракет кылган болсо, анда биздин оорукана эле эмес, башка багытта да шарттар түзүлүп, элге кызмат кылган болот элек. Азыр да мындай оор абалда элге кол сунган азаматтарга рахмат! Элдин саламаттыгын сактоо үчүн күнү-түнү өз өмүрүн, өз ден соолугун садага чаап, үйүнө кетпей иштеп жаткан дарыгерлерге, медайымдарга, медперсоналдардын эмгегин баалап, жок дегенде жылуу сөз айтып, колдон келишинче жардам берсек. Кечээ эле бизди караган дарыгер, медайымдар обсервацияга алынган экен, аларга дары-дармектерин, керектүү нерселерин алып барып бердим. Биз үчүн тобокелге барып, биз үчүн кара терге түшүп, аба өткөрбөгөн атайын адистештирилген кийимдерди кийип алып 4 саат жүргөндүн өзү эле эмне деген эрдик. Биз баалай билишибиз керек!", - деди Алымкулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан