Бүгүн, 16-июлда президент Сооронбай Жээнбеков борбор калаадагы стационарлардын биринде ыктыярчы-медайым болуп иштеп жүрүп каза болгон И.Ахунбаев атындагы КММАнын студенти Адинай Мырзабекованын үй-бүлөсүнө барды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.
Мамлекет башчысы Адинайдын ата-энесине, туугандары менен жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, анын атына багыштап куран окуду.
"Түшүнүп турам, азыр эч бир сөз сиздерди соорото албайт. Өтө чоң жоготуудан улам кабыргаңар кайышып турат. Сиздердин оор кайгыңыздарды тең бөлүшүү менен кезинде өз баласын жоготуп, кайгыга баткан апамды эстеп жатам", - деп белгилеген президент, маркум Адинайдын апасына кайрат айтып жатып.
"Сиздер ушундай зирек, жашоону сүйгөн, адамдарды сыйлаган кызды тарбиялап өстүрдүңүздөр. Кудайым сиздерге ата-энесине, туугандары менен жакындарына сабырдуулук, бекем ден соолук жана узак өмүр берсин", - деди Жээнбеков.
Баарлашуу учурунда, ата-энеси кызынын окуучулук кезден бери доктур болууну кыялданганын, Ысык-Атадагы Юрьевка айылынын орто мектебин эң жакшы баалар менен аяктап, жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алып, Медициналык академияга ийгиликтүү тапшырганы тууралуу айтып беришти.
Президент Сооронбай Жээнбеков Адинай Мырзабекова биздин замандын баатыры экенин, ал мекендештеринин эсинде башкалардын саламаттыгы үчүн өз өмүрүн арнаган кайраттуу ыктыярчы катары калаарын баса белгиледи.
Жээналиев Замирбек менен Молдокулова Дилбардын Адинай менен 4 кызы бар эле. Айгерим жана Бегимай студенттер, Жанель мектеп окуучусу.