Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде иштеген подполковник Руслан Рашидинов 43 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу жана авариялык куткаруу иштери боюнча башкармалыгынын ыкчам бөлүмүнүн улук офицери, подполковник Руслан Рашидинов 43 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти.

"Подполковник Руслан Рашидинов Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кызмат кылган мезгилинде өзүнүн тартиптүү тажрыйбасын бөлүшкөндүгү менен өсүп келе жаткан жаш муунга үлгү боло турган мыкты аскер кызматкери катары өзүн көрсөтө алды. Кызмат өтөөдө үзүрлүү эмгеги, өзгөчө кырдаалдын алдын алуудагы кылган эмгектери үчүн бир топ сыйлыктарга ээ болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жалпы эмгек жамааты подполковник Руслан Рашидиновдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат", - дешти мекемеден.

Рашидинов Руслан Кубанычбекович 1977-жылдын 13-сентябрында Нарын облусунун Кочкор районундагы Кум-Дөбө айылында туулган. Билими жогорку. 2012-жылы Орусиядагы Жарандык коргонуунун академиясын аяктаган.

2003-2020-жылдары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде ар кандай тажрыйбалуу кызматтарда эмгектенип келген.

Артында жубайы жана эки баласы калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан