Оштун "Алай" футболдук клубунун мурдагы директору Сматов Нурдин Тезекбаевич мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган футболдук клубдун басма сөз кызматынан билдиришти.
""Алай" командасын өлкө чемпиондугун жана кубогун жеңип, Кыргыз өлкөсүндөгү эң күчтүү клубка айланышына эбегейсиз салым кошкон, клубдун мурунку директору Сматов Нурдин Тезекбаевичтин дүйнөдөн кайтканына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Арты кайырлуу болсун, Аллахым жаннатынан орун берсин. Туугандарына жана жакындарына сабыр тилейбиз", - деп жазылган билдирүүдө.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Нурдин Тезекбаевичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.