"Реал Мадрид" футболдук клубу мөөнөтүнөн мурда Испания чемпиону болду

Футбол боюнча Испания чемпиондугунун 37-турунун алкагында "Реал Мадрид" клубу өз үйүндө "Вилльяреал" клубун кабыл алды. Оюн 2:1 эсебинде талаа ээлеринин жеңиши менен аяктады.

Бул көрсөткүчү менен атактуу Зинедин Зидандын командасы Ла Лигада (Футбол боюнча Испания чемпиондугу) жалпы 86 упай топтоп, мөөнөтүнөн мурда чемпион болду.

"Бул укмуштуудай сезим. Анткени оюнчулардын жасаган иштери таасирдүү. Менин эмоцияларымды сүрөттөөгө сөз жок. Биз эң мыкты болдук. Мен үчүн бул машыктыруучу катары эң сонун күндөрдүн бири. Чемпиондукту майрамдоо бардыгы үчүн таң калычтуу учур. Биз күйөрмандарыбыз менен бирге болгубуз келет. Бирок алар үйдө болсо дагы бактылуу болушат. Чемпиондор Лигасы бул Чемпиондор Лигасы. Бирок мен бул наамга аябай толкунданып жатам", - деген команданын башкы машыктыруучусу Зинедин Зидан.

"Реал Мадрид" клубу бул көрсөткүч менен өз тарыхында 34-жолу Ла Лиганы жеңип алды. Акыркы жолу бул команда Испания чемпиондугун мындан 3 жыл мурун, тагыраагы 2017-жылы жеңип алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Syimyk.isaev
2020-07-17 08:51:07
Алга Мадрид! Силер татыктуусуңар!
+4
Welcome.
2020-07-17 09:43:35
HALA MADRID!
0
Amantur_akjol
2020-07-17 10:31:41
Куттуктайм чын эле татыктуу оюн корсотту бул сезондо реал аша чаап кетпегиле (фан барселона)
0
nemo2016
2020-07-18 08:08:10
Amantur_akjol, куттуктайбыз Барселона куйорманымын чынында аракет куч болду
-1
0001KG
2020-07-18 21:12:14
nemo2016, Кайдагы аракет, судьялардын аракети мыкты болду. Вар, судьялар менен уткан трофей мусор бойдон кала берет.
0
Eden-Hazard
2020-07-17 10:40:40
Оле оле оле оле
-1
Alinur
2020-07-17 11:39:17
Куттуктайбыз! Реал чемпиооон!
0
molorbaev
2020-07-19 09:42:40
Зидан кыйын машыктыруучу экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан