Чаткал РИИБинин башчысынын орун басары баңгизат менен кармалды
Чаткал РИИБинин башчысынын орун басары баңгизат менен кармалды. Бир нече апта мурун Жалал-Абад ОИИБиге Чаткалдагы тоолуу аймакта жашаган айрым жергиликтүү тургундардын марихуана чогултуу менен алек болуп, аларды жергиликтүү укук коргоо органдарында иштегендер калкалап жатканы боюнча ыкчам маалымат келип түшкөн. ОИИБи бул иштин бетин ачуу боюнча атайын топ түзүп, окуя болгон жерге барган топ марихуана чогултуу менен алектенген Талас облусунун 4 жаранын кармашты. Милиция кызматкерлери баңгизатты мыйзамсыз айлантууга катыштыгы бар деп шектелген жергиликтүү эки жаранды суракка алышканда, алар бул иштерге РИИБинин башчысынын орун басары жана участкалык инспектор да аралаша турганын айтып беришти. Текшерүү учурунда РИИБинин башчысынын орун басарынын үйүнүн чатырынан сатууга даярдалган бир нече мүшөктөгү марихуана табылып, учурда тергөө жүрүп жатканын Жалал-Абад ОИИБиден билдиришти.
Мариихуана. Бангизатын кармадык деп койот былжырагандар. Тупко барып корчу жонокой жаран эмес, милициялардын балдары деле наша (марихуана) жасап сатып журушот. Илгери деле тупто дуркуро оскон наша деген. Ал мезгилде эч ким жасачу эмес.Азыр аны жасабаска айла жокда,уйундо бир кесим наны жок отурса жасап сатат да анан. Алар кылмышкерлер эмес. Алар жокчулуктун курмандыктары, урматтуу туугандар. Туура тушунгуло. Болбосо ким келип акча берет аларга же ким келип бир кесим нан берет?.. СЕНБИ?.. Жоок...
0
Specsgruppa_NSS
2013-09-12 14:54:21
Тупто карапайым калктын 70 пайызы ошол нашанын (марихуананын) жардамы менен балдарын Мектепке кийиндирип ичиндирип. Окууга керектуу куралдарын сатып берет. Болбосо кийерге кийми жок, ичерге тамагы жок мусапырга айланып калмак. Откондо Тупко барганымда женелер "бизди гезитке чыгар ушинтип талаада кара куурай терип жургонубузду, тээтиги бийликтегилер корсун, ойгонсун" дейт. Мамлекет бир тыйын бербесе, эл менен эсептешпесе, жумушчу орундар тузулбосо анан эмне кылсын?.. Ким кунолуу ушундай турмушка?
0
Chika12
2013-09-12 15:34:00
Specsgruppa_NSS, Кара куурайдан башка таба турган каражат жок калыптырбы, уяты жоктор, кайсыл бетин менен жазып жатасын, башка таба турган оокаты жок деп, бул нашаны чегип алып, сенин туугандарын, наркоман болуп, уйундогу болгон оокатынды сатып, ата-энелердин айласын кетиргенде корот элем ушинтип жазганынды. Бул жалкоолордун, уятсыз акмактардын иши. Мындан башка каражат таба турган иштер толтура!!!
0
Specsgruppa_NSS
2013-09-12 16:24:04
Chika12, Тупто жашасан корот элем сени, укмуш жумушта иштеп, кара куурайдан алыс качып жургонунду. Же эмне Тупто наркомандар кобойуп, уйундогуну ташып сатып бузулуп кетиптир деген кеп уктун беле? же эмне мен Наркомандар кобойсун деп жазып жатамбы? Эй тетиги жогору жактагы курсагы саландаган суткорлор уксун, сага окшогондор уксун деп жазып жатам... Элим талаалап, кундун ысыгында кара куурай жасап жургонуно Куйгонумдон жазып жатам...
0
Specsgruppa_NSS
2013-09-12 16:18:49
Бети жок деп койот. Сенде бет бар экенда. Тупко барып жашап корбойсунбу?... Туура кара куурайдан башка жумуш бар. Бирок сенин башын иштейби азыркы жумуштардан алган айлык бир баланы мектепке окутканга жетеби? Айлыгы ашып ташкан жумуш болсо ким эле кара курай жасап сатам деп чуркасын... Жок учун ошондой болуп жатат да, же эмне кара куурай жасагандын баары эле наркоман экенби?.. Же эмне силердин айылда дагы деле СССР тарай элекпи?
0
Specsgruppa_NSS
2013-09-12 16:27:43
Дагы эскертип кетейин Кара куурай жасоо мешогу 45 килограммдык картошканы же болбосо 60 килограммдык цементти жуктоодон 10 эсе оор жумуш. АНан ким эле жыргаган жумуш болсо Кара куурай жасагысы келсин? Айласыздан, аргасыздан ошол ишке барып жатат. Ошондой ишке барбасын, деп жогору жактагылар угуп бир кам корсун деп жазып жатам. Жокчулукту сенин башына салбасын. Салса корот элем сени да ЧИКА12!
0
jypawra
2013-09-13 16:59:25
Чаткал РИИБсинин орун басары,беш убак намаз окуган,7 баланын атасы.мындай жолго барбайт аны подставка кылышкан,забору жок ачык уйго каалаган адам эмнени кааласа таштап, анан ага шылтап коюшу мумкун.аны ишти озунон алыстатып аман калыш учун башка бироолор кылган. кайсы башы жок чердагына марихуана бекитет дейсин.андай иш менен заниматся эткендер уйнон,уй-булосунон алыс жерде жашырат, тем более озу милицияда иштесе.
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.