Тажикстанда жаңы окуу жылы 17-августта башталары айтылууда

Тажикстанда жогорку окуу жайларда жана мектептерде окуу 17-августта башталат. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда аталган өлкөнүн билим берүү жана илим министри Махмадюсуф Имомзода маалымат жыйында билдиргенин өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Жазылган маалыматка ылайык, мындай чечим коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб менен болгон кеңешмеде кабыл алынган.

"Студенттер, окуучулар жана мугалимдер коронавирустун кесепетинен графиктен бир аз артта калышкан. Ал эми окуу процессин эки апта эрте баштоонун себеби былтыркы сабактар кайталанат. Андан соң жаңы окуу жылына киришет", - деген билим берүү министри.

Ошондой эле ал эпидемиологиялык кырдаал начарлап кетсе, окуу процесси онлайн режимде ишке ашарын жана ага ылайыктуу программалар иштелип чыкканын кошумчалаган.

Эске салсак, Тажикстанда 27-апрелден баштап мектепке чейинки мекемелер, мектептер каникулга чыккан. Аталган өлкө коронавирус бар экенин расмий түрдө 30-апрелде жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
ZUXRIDDIN20
2020-07-17 18:57:56
Биздин олколордө да сентябрьдан ачылса жакшы болмок
0
bond0202
2020-07-17 19:58:44
бизде оору кучуно кирип атат ачквнга болбойт.
+1
Dushabolna
2020-07-17 22:25:03
Окуу конулго сыгабы Келгиле журокторду тазалап Кун сайын дуба кылып намаз окуп жалбаралы Аллахка.
0
Arstan18.18
2020-07-17 23:27:25
Таджикистанда кеч жабылдыго ишенишпей журуп эми эрте башташат экенда! Жакшы ниет кылып туралы буйруса биздеда башталып кетет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан