Бишкекте кортеж өтүп бара жаткан учурда көчөгө чыгууга аракет кылган айдоочуга 1000 сом айып пул салынат. Муну Жол-кайгуул кызматынын башчысы Талантбек Исаев билдирди. “Окуя учурунда айдоочу мас абалында болгон эмес, ага 1000 сом айып пул салынат”,– деди ал. Айта кетсек, 11-сентябрда Бишкекте кытайлык делегациянын кортежи өтүп бара жаткан учурда Тынчтык проспекти менен Иманалиев көчөсү кесилишкен жерде БМВ Х5 айдоочусу Аскарбек Байтереков МАИчи тоготпой көчөгө чыгууга аракет кылып, аны сүзүп кеткен эле. МАИчи ооруканага жеткирилип, айыпкердин үстүнөн тергөө жүрүп жатканы айтылды.