Нью-Йорк шаарынын үстүнөн "Түркмөнстандын диктатору - SOS" деген жазуусу бар учак учуп өттү

АКШнын Нью-Йорк шаарында жашаган түркмөнстандык активисттер Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун сүрөтү, түркмөн желеги жана "Түркмөнстандын диктатору - SOS" деген жазууну жазып, Нью-Йорк шаарынын үстүнөн учак учурушту. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, башында активисттер Түркмөнстандагы коронавирус инфекциясы боюнча БУУнун кеңсесинин алдында митинг өткөрүүгө даярданышкан. Бирок шаар бийлиги учурдагы абалга байланыштуу саясый аракеттерге карата арыздар каралбай тургандыгын билдирген.

Активисттердин айтымында, 29-июлда Вашингтондо дагы бир нааразычылык акциясы АКШ Конгрессинин имаратынын жана Түркмөнстандын элчилигинин алдында өтөт.

Бул аракеттер президент Гурбангулы Бердымухамедовдун саясатына каршы нааразычылык акциясынын бири экендиги белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан