Муз үстүндө бийлөө боюнча дүйнө чемпиону Екатерина Александровская өз жанын кыйды

Орусиянын муз үстүндө бийлөө боюнча мурдагы спортчусу, 20 жаштагы Екатерина Александровская өз жанын кыйды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Екатерина Александровскаянын жансыз денеси өзү жашаган үйдүн жанынан табылган. Алдын ала маалыматтар боюнча спортчу өз өмүрүн кыйган. Анын жанынан "сүйүү" деген жазуусу бар кат табылган.

Спортчу буга чейин дагы өз жанын кыюуга аракет кылганы белгилүү болду.

Екатерина Александровская Москва шаарында төрөлгөн. Ал акыркы жылдары Австралиянын атынан мелдештерге катышып жүргөн. Эки жолу Австралиянын улуттук чемпиондугун жеңип алган жана 2012-жылы жаштар арасында дүйнө чемпиону аталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
0001KG
2020-07-18 21:11:06
Улуулар "Ыйман болбосо, дүйнөнүн президенти болсоңда бактысызсың" деген ушулда.
+12
rola
2020-07-18 21:31:27
Окунучтуу.
+4
Shef87
2020-07-18 21:45:31
Сүйүү пүйүү кайдагы бир неме
+10
Paprikafm
2020-07-18 22:24:23
Путиндин девушкасы эмес беле
-10
bond02
2020-07-18 23:55:18
Paprikafm,ал башка.
0
AdylbekB84
2020-07-19 00:48:26
Paprikafm, ал Алина Кабаева деген татар кыз болсо керек эле!
+5
akmanai
2020-07-19 10:41:53
AdylbekB84,казак кыз болуш керек
-6
abusait
2020-07-19 14:26:58
akmanai,кыргызка десен..
+1
Istina1000
2020-07-19 10:42:05
Тооба, турмуштун т сын жашап корбой атып эле суйуунун с сына оз жанын кыйса....
+2
Saidochka
2020-07-19 13:02:58
Омур Аллах тарабынан бизге берилген эн кымбат нерсе, аны бир суйуу учун кыюу жеткен акылсыздык
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан