86 жылдан кийин жума намазы окулат. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган музейден мечитке айланган Айя-Софияга барды

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган музейден мечитке айланган Айя-Софияга барды. Андан тартылган сүрөттөр мамлекет башчысынын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.

Стамбулдагы Айя-София музейин мечитке айлантуу боюнча чечим 1934-жылы министрлер жыйынында кабыл алынган Айя-София мечитин музейге айлантуу тууралуу чечимди жокко чыгарган соң кабыл алынган. Мындай чечимди аталган өлкөнүн президенти Режеп Тайип Эрдоган 10-июлда кабыл алган.

Айя-Софияны Түркиянын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрк 1935-жылы мечитти музейге айландырган. Музей 1985-жылы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.

86 жылдан кийин мечитке айлана турган Айя-София кийинки аптанын 24-июль күнү жума намазга эшигин ачат. Мечитке төшөлө турган килемдин үстүнөн Манисада күн-түнгө карабай иш жүрүп жатат.

Маалымат үчүн: Ыйык София собору Византиянын "алтын доорунун" символу болуп саналат. Курулуш иштери 532-537-жылдар аралыгында жүргөн. Ал мезгилде собор Константинополь шаарынын борборунан жана императордун хан сарайынын жанынан орун алып турган. 1453-жылы шаарды османдар басып алган соң, собор мечитке айланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
0001KG
2020-07-19 21:25:44
Ердоган молодец, бул киши эч кимден коркпойт, чыныгы мусулман лидер. Калган араб өлкөлөрүнүн президенттери акш англиянын айткандарын аткарып, ошолордун шайкалары болуп жүрүшөт. А бул киши ондон ашык каапыр державалар менен жалгыз күрөшүп жүрөт.
+20
Agayu
2020-07-19 22:14:43
0001KG,Акылың алтындан экен ! САУД АРАБИЯ миллиярддаган долларлары АКШ да жатат , кайра эле АКШ нын айтканын кылат .Себеби АКШ мощный держава .
-4
Atas
2020-07-19 23:48:03
0001KG,Начар адамдар
+2
i1urp
2020-07-19 22:10:49
Турктор Европанын аркасы менен онугуп кетти. Болбосо жакыр болуп эле жашашмак.
-7
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-07-19 22:38:53
Жашасын Эрдоган!
+7
Pikir-add
2020-07-20 01:04:40
ТЖда бийликтегилерден бир Кадам элдин эсинде калуу үчүн
-1
ernis_07
2020-07-20 01:52:56
Тыйындын эки бети бар туугандар Эрдогандын да медреселерди жөндөн жөн жаап салган жерлери да бар жаман айтты деп сөкпөгүлө, биздин устаздардын айтканын айтып койдук
+4
Kaary
2020-07-20 01:57:10
ernis_07, Жөндөн жөн жаппайт, акыйдасы(багыты)туура эмес болсо кайра жерде болбосун жабуу керек! Мен бул киши менен сыймыктанам, чыныгы мусулман. Мусулмандардын башындагы жол башчысы, атасы десем жаңылышпайм!!!
+2
Glucke
2020-07-20 03:15:03
ernis_07,
2016-жылкы тонкоруштон кийин жапкан.
0
KaGaH
2020-07-20 01:54:30
Эрдоганды мусулмандардын арстаны деп коюшат,араптар марионетка АКШнын айтканын кылышат
+3
rysik79
2020-07-20 05:16:32
Эрдоган эркек президент.
+1
orun
2020-07-20 06:22:02
Iyi haber, hemde çok! Allah razı olsun Erdoğan biraderimizen!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан