Беларустун президенти Александр Лукашенконун ооруканага түшкөнү айтылууда. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышкан.
Маалыматка ылайык, Александр Лукашенко гипертониялык кризге кабылып, президенттик ооруканага жеткирилгени аталган өлкөнүн маалымат каражаттарында жазылган.
Бирок Беларусь президентинин администрациясынан Александр Лукашенконун жөн гана кан басымы көтөрүлгөнү маалымдалган. Учурда президент керектүү текшерүүлөрдөн өтүп жатканы айтылат.