Индияда тынымсыз жааган жамгырдын кесепетинен суу ташкыны жаралып, анда кеминде 100гө жакын адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, каза болгондордун көпчүлүгү Ассам штатындагы Брахмапутра дарыясына жакын жайгашкандар. Суу ташкыны 25 райондогу 3 миң айылды кыйратып кеткен. Жабыркагандар үчүн 50 миңден ашык убактылуу турак жайлар даярдалган жана ал жакка жүз миңдей адам эвакуацияланды.
Бийлик органдары дагы да суу ташкыны коркунучу бар экенин, абал курч болуп жатканын билдирген. "Табигый кырсык коронавирус инфекциясынын көбөйүшүнө алып келүүдө", - деген Ассам штатынын суу чарба министри Кешат Маханта.