11-сентябрда Кыргызстанда 32 өрт кырсыгы катталып, аны өчүрүүгө 37 бөлүм тартылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Бишкек шаарында 8, Чүй
облусунда 11, Жалал-Абад облусунда 5, Ош облусунда 3, Ош шаарында 3, Ысык-Көл
облусунда 1, Нарын облусунда 1 өрт кырсыгы орун алды. Өрттүн кесепетинен көз
жумгандар жок.