Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган коронавирус инфекциясы күндөн-күнгө кулачын кенен жайып жаткан учуру. Бул аты жаман жугуштуу дарт Кыргыз өлкөсүнө дагы келип, жарандарыбыз жабыр тартууда. Ошондуктан COVID-19 илдети боюнча коомчулукта түрдүү суроолор жаралып жаткан кези. Бүгүн "Дарыгерге сөз" программасында коронавирус инфекциясынын организмге, айрыкча борбордук нерв системине тийгизген зыяны жөнүндө сөз болмокчу. Конокто Голландия университетинин аспиранты, COVID-19 боюнча эл аралык изилдөө тобунун мүчөсү, дарыгер Амир Талипов.
- Эмне үчүн коронавирус инфекциясынын бир симптому катары баш ооруйт?
- Жакшы суроо. Бул чындыгында симптом болуп саналат. Баш - өтө сезимтал. Мында нерв клеткалары жабыр тартышы же кан тамыр жабыркашы мүмкүн.
- Коронавирус борбордук нерв системине таасир тийгизиши мүмкүнбү?
- Ооба, абдан чоң таасир этет. Ал борбордук нерв системине, перифериялык нерв системине таасир берет. Тагыраагы, ооруп айыккандарды жана ооруп жаткандарды карап көрсөк, биринчи эле жыт сезүүнүн жоголушу.
- Адамдын эмоционалдык өзгөрүүсү оорудан сакайганга чейин эле уланабы же андан ары дагы уланышы мүмкүнбү?
- Экөө тең болушу мүмкүн. Азырынча байкоомо караганда, кээ бир адамдарда мындай өзгөрүү сакталууда. Кудайга шүгүр, көпчүлүгүндө кетип жатат. Вирустун организмден кетиши менен байланыштуу.
- Коронавирус менен ооруган адамдын иш жөндөмдүүлүгү салыштырмалуу ооруганга чейинкиге караганда төмөн болору айтылууда. Бул нерв системи жабыркаганына байланыштуубу?
- Ооба, түз байланышта. Мисалы, сабыры суздук (боштук), алсыздык, чарчоо COVID-19 менен ооруган адамдын белгилери. Ал коронавирустун жеңил, орто же оор түрү менен ооруганына карабастан, сакайган соң баары бир кандайдыр бир белгилери калышы ыктымал.
- Уйкусуздуктун көпкө чейин уланышы эмнеден болот?
- Бул көрүнүктүү симптом. Бейтап менен баарлашууда алардан дене табыңар көтөрүлгөнгө чейин канча уйкусуз күндөрдү өткөрдүңөр деген суроону бергенде, 90 пайызы бир канча күндөрдү, тактап айтканда аптасына 3-4 күн дешет. Демек, жөн эле уйкусуздук боло берет. Бул дагы коронавирустун алгачкы симптомдору болушу ыктымал. Бирок мындай баарында эле боло бербейт.
- Инсульттун пайда болушу тромбдон (кан тамырда жана жүрөктө уюп калган кан) же нерв системинин жабыркашынан болобу?
- Менимче, тромбдон пайда болот.
- Коронавирус нерв системине дагы кандай таасир тийгизиши мүмкүн?
- Бир гана жөнөкөй мисал, бул оору менен ооруган көпчүлүк бейтаптарда узак убакытка чейин баш оору сакталышы мүмкүн.
- Коронавирус менен ооруган бейтаптарда эс-тутум начарлашы ыктымалбы?
- Ооба, ыктымалдыгы бар. Бирок эс-тутумдун начарлоо симптому акырындык менен кетет. Бул ар кимде ар кандай убакытта жоголушу ыктымал.
- Нерв системиндеги кандай симптомдордон COVID-19 илдетин билсе болот?
- Эгер эч токтобостон узакка созулган баш оору болсо, мында кандагы вурустун эволюциясы жүрөт. Демек, коронавирус оорусу болушу мүмкүн.
- Коронавирус калкан безине кандай таасир этиши мүмкүн?
- Учурдагы бейтаптарга байкоо жүргүзүү менен эч кандай таасир этпегенин айта алам.
- Коронавирустан айыккан соң компьютердик томографиядан же магниттик-резонанстык томографиядан (МРТ) өтүү зарылбы?
- Жакшы суроо болду. Эгерде сизди кандайдыр бир оору кыжаалат кылып жатса, албетте, өтсөңүз болот.
- Нерв системин кантип калыбына келтирсе болот? Негизи эле нерв системи калыбына келеби?
- Ооба, нерв системи калыбына келет. Мындай "кереметтин" мисалы, адам инсульт алгандан кийин калыбына келиши буга далил боло алат. Нерв ткандары жаңы нерв системин түзүүгө жөндөмдүү.