Бишкек ШИИББи кортеж учурунда МАИчини көзгө илбей жолго чыгууга аракет кылган айдоочуну жоопко тартууну чечти

Бишкек ШИИББи 11-сентябрда Бишкекте кытайлык делегациянын кортежи келе жаткан учурда МАИчини тоготпой жолго чыгууга аракет кылган айдоочуну жоопко тартууну чечти. Муну аталган мекеменин басма сөз кызмат кабарлады. Учурда айыпталуучу кармалып, Ленин РИИБиде жана анын баш коргоо чарасын тандоо учурда каралууда. Айта кетсек, Тынчтык проспекти менен Иманалиев көчөлөрүнүн кесилишинде БМВ X5 унаасынын айдоочусу Аскарбек Байтереков жолго чыгууга болбой турганын айтып тоскон МАИчини унаасы менен сүзүп, милиция кызматкерин капотко жаткырып алып унаасы 30 метрдей айдап барган. Окуя болгон учурда Кытай төрагасы бара жаткан кортеж ал аймактан өтүп кеткен эле. 

 

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Атасынын баласы
2013-09-12 15:09:14
Курманбек Байтерековдун баласыбы бул?
0
Gamze90
2013-09-12 15:17:25
emne akyrky kundoru mai4ilerdi kozgo ilbei jatywat bez pridel bolotko tobotposo. Katu 4ara koldonuwpaiby emi tigi aiym da 1000ele som berip kutulup ketken turbaiby a tigi mailer jumuwsuz kaldy. Jarandarga koldonuwpaiby uwundailardy okusam 4yi pyiym 4ygyp titirep ketem atyp salsa pendeler kaida bara jatabyz?
0
islamidin
2013-09-12 15:30:54
байагы маи кызматкерине токтобой качкан кыздын агасыго бир болсо! эртен звонок кылат мелис байке анан коё беришет.
0
Aviator
2013-09-12 15:36:30
Дагы жакшы кортеж отуп кеткен экен. Болбосо охранасы автомат менен тытып кетмек.
0
altinim
2013-09-12 15:41:19
ухаха Крда жаны тренд "1000 " сом
0
allan
2013-09-14 17:31:29
altinim,Анан,Мелис байке))
0
Shai
2013-09-12 15:56:43
Кытайдын котежине туш келбептирда башына гана атмак телехранителдери ажалы жеткен эмес экенда
0
sibiryak
2013-09-12 16:25:23
Мындай зоокурлорду кийинкилерге сабак болуш учун кылмыш ишин козгош керек.Болбосо дагы деле ушундай корунуштор боло берет.
0
777bek
2013-09-13 08:18:28
Ээ достор бул бир звонок кылат, анан 1000 сом айып толойт. КУТУЛАААТ
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан