Депутат Бакыт Төрөбаев пневмониядан айыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бакыт Төрөбаев пневмониядан сакайып, ооруканадан чыгып, жумушка киришти. "Учурда ал Жалал-Абад шаарында жүрөт. Төрөбаев аталган шаарга өз демилгеси менен күндүзгү 50 орундуу стационар ачып жатат. Анда бардык тиешелүү медициналык жабдыктар менен камсыз болуп, тамак-аш уюштурулат. Бул иш аракет Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү менен макулдашылып, стационарга адистерди коюу сүйлөшүлгөн", - деп айтылат маалыматта.
Буга улай эле Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчис Ибраим Нуракун уулу да маалымат таратты. "Жаңы эле "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев менен сүйлөштүм. "Каза болуп калыптыр" деген фейк маалыматтарга ишенбеңиздер, ден соолугу жакшы, сакайып чыгыптыр. Бул күндөрү Жалал-Абад шаарында 50 орундук стационар ачууга аракет кылып жүрүптүр. Бир гана маселе эмгек акысын жогору кылып төлөп берели десек да врачтар табылбай жатат дейт. Депутат жакында эле Ош шаарындагы мейманканасын медицина кызматкерлери үчүн обсервацияга берген. Андан мурдараак Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына 1 миллион сом которгон", - деген билдирүү жарыялады.