Ошто бир тууганынын өлүмүнө шектелген жаран көрсөтмө берди (видео)

Ош шаарында бир тууган инисин өлтүрүп алганга шектелген жаран кармалды. Ал 1983-жылы туулган Алай районунун Ак-Босого айылынын тургуну Б.А. аттуу жаран болгон. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Шектүү алгачкы тергөө учурунда иниси көп ичип кеткендигин, элге-журтка уят кылып жаткандыгына байланыштуу аны жакшы жолго чакырган. Бирок иниси каяша айтып, укпай койгондон улам бир жолу чапкан. Анда маркум жерге кара кушу менен тийип эсин жоготкон. Шектүү аны өлтүрүп коюу оюнда жок экендигин билдирген. Эсин жоготуп койгон инисин ооруканага өзү алып барган. Учурда анын көрсөтмөсү текшерилип жатат. Шектүүнүн каза болгон иниси 1985-жылы туулган Б.М. аттуу жаран болгон", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Буга чейин Ош шаарында инисинин өлүмүнө шектелип байкеси кармалганы маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Aimani
2020-07-21 18:13:53
Кудай өзү кечирсин. Арак деген балээ болду го.
+6
rola
2020-07-21 19:24:09
Ичип алып алжыгандар ошого жеткирет.Бул бечара да атайын олтуроюн дебегендир.Кудай сактасын эми балекеттен.
+10
Jibakana
2020-07-21 20:41:57
Эх арак,арак....
+3
Shef87
2020-07-21 21:10:31
Арак кууратчуу болду
+2
Alia82
2020-07-21 22:48:09
Кудай сактасын, кокустук болгон окшойт да
+5
Akyl78.1501
2020-07-22 00:37:30
Туура кылат кереги пайдасы жок болсо анан
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан