Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны бүгүн, 21-июль саат 17:00гө карата 17 миң 755ке жетти. Бул тууралуу өзбекстандык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бир суткада 165 адамдан коронавирус аныкталган. Ташкент шаарында 104, Ташкент облусунда 54, Андижан облусунда 7. Учурда илдеттен айыккандардын саны 9 миң 463 адамды түзөт.