Бишкекте жеңил унаа менен кичи автобустун катышуусунда жол кырсыгы катталып, 3 адам жабыркады

Бишкекте жеңил унаа менен кичи автобустун катышуусунда жол кырсыгы катталып, 3 адам жабыркады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Патрулдук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 21-июль күнү саат 17:10до Форд Фокс жана Мерседес-Спринтер унааларынын катышуусунда жол кыргысы катталды. "Жол кырсыгынан 3 адам жабыркаган. Форд Фокс унаасынан 2 киши, Мерседес-Спринтерден 1 адам жабыркады. Учурда жабыркагандар Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда жатышат. Ал эми унаалар айып короосуна токтотулду", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан