Баткен облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
21-июлда саат 11:47де Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө Баткен облусунун Кадамжай районунун Шуран айылында 3 бал, Советский, Бел-Суу жана Алга айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.