Бишкектин Биринчи Май районунда 15-июль күнү Патрис Лумумба көчөсүндө Чоң Чүй каналына 1976-жылы туулган эркек киши түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
21-июль күнү издөө иш-чараларын улантуу максатында ӨКМнын Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары тартылды.
22-июль күнү иш-чаралар улантылат.