Алмазбек Атамбаев Ооганстан, Индия, Иран, Монголия жана Өзбекстандын президенттери менен жолугушат

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн Ооганстан, Индия, Иран, Монголия жана Өзбекстандын президенттери жана тышкы иштер министрлери менен жолугушат. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады. Жолугушуулар кезек-кезеги менен өтөт. Алгач Ооганстандын президенти Хамид Карзай менен, андан кийин Индиянын Тышкы иштер министри Салмон Хуршид, Монголиянын башчысы Цахиагийн Элбегдорж, Ирандын президенти Хасан Рухани, Өзбекстандын мамлекет башчысы Ислам Каримов менен жолугушуу өткөрөт. Анда өлкөлөр аралык саясий, экономикалык жана маданий карым-катнаштар тууралуу сөз болмокчу. Айта кетсек, аталган өлкө башчылары 13-сентябрда Бишкекте өтүүчү ШКУнун саммитине катышат.    
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан