Москвада кыргыз жигиттери кыргыз кыздарын башка улуттун балдары менен көрүп калса, сабай турганын айтып чыгышты. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга тараган.
Тасмадан эркек балдар кыргыз кыздарга күйгөндүктөн чогулганын билдиришкен. Башка улуттун балдары менен жүргөн кыздарга эки жолу эскертүү берип, болбосо кара күч колдонуу керектигин айтышат алар.
“Жумушта ар башка улуттардын өкүлдөрү көп. Эгерде кыргыз кыздарын башка улуттун балдары менен көрсөңөр биринчи эскерткиле, укпаса катуу жазалайбыз. Балким, ошентсек анан түшүнүшөт. Кыргыз кыздары алар менен түнкү клубдарда көңүл ачып жүрүшөт. Алар үй-бүлөсүн ушинтип багышат. Мындай учурда сүрөт болобу, видеобу WhatsApp тайпаларга тараткыла”, - деп билдирет тасманын автору.
Ал эми аталган видео боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү текшерүүнү баштады. Бул тууралуу аталган өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдиришти. "Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы өкүлчүлүгү мекендештерин мессенжер жана социалдык тармактар аркылуу жалган маалыматтарды, анын ичинде улуттук маселелерге тиешелүү маалыматтарды кылмыш жоопкерчилигине тартылып калбоо үчүн таратуудан алыс болууга чакырат", - деп айтылат маалыматта.